Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусуСузак району 28.01.2016 17:12

Сузак району өкмөт койгон 10 жаңы өндүрүш ишкана ачуу тапшырмасын аткарды

Turmush -  Сузак районунда өткөн 2015-жылы 16 жаңы объект ишке кирген, деп билдиришти райондук администрациядан.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылы өкмөт башчы тарабынан ар бир райондо ондон кем эмес жумуш ордун түзгөн 10 жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу тапшырмасы берилген.

Бул тапшырманы аткаруу үчүн райондо ар бир айыл аймактарында бирден ишкана ачуу маселеси коюлган. Жалпысынан район боюнча бул багытта 16 жаңы объект ишке кирген. Анын ичинен 11и өндүрүштүк ишкана түзөт.

Ырыс айыл өкмөтүндө консерва цехи менен 2 күнөскана, Кара-Дарыяда консерва цехи, Сузакта гөлөш чыгаруучу цех, Кызыл-Тууда кондитердик азыктарды чыгаруучу цех, Ленинде жумуртка өндүрүлүүчү цех, Көк-Жаңгак шаарында 2 көмүр ишканалары ачылды. Калган Курманбек, Көк-Арт, Багыш, Кыз-Көл, Кара-Алма, Барпы айыл аймактарында бул багытта иштер аткарылбай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×