Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 27.01.2016 12:01

Айыл турмушу: Кара-көлдүк жубайлар кышкысын күнөскана иштетип, 4 ай түшүм алышат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында жашаган жубайлар Салтанат менен Алмаз кышкысын күнөскана иштетүү менен алектенет. Алар Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, күнөсканадан түшүм алууну 3 жыл мурун башташкан.

«Күнөскана өзүбүздүн үй-бүлө үчүн гана курулган. Бул иш келинчегим экөөбүзгө хобби. Мында ишкерчилик кылып, пайда табууну көздөгөн жокпуз. Кээде тааныштар 1-2 кг бадыраң алып кетишет», - дейт Алмаз.

Алар күнөскана иштетүүнүн жолдорун жана андагы өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн эрежелерин интернет булактарынан үйрөнүшкөн.

«Быйыл октябрь айынан баштап күнөсканага бадыраңдарды өстүрүп баштадык. Бадыраң өсүп, гүлдөп, түшүм бере баштаганга чейин көп убакыт кетет. Түшүм берүү 4 айга чейин уланат. Январь айынан баштап май айына чейин түшүм алабыз. Былтыр эң жакшы түшүмдүүлүк мезгилинде күнүнө 25 кг чейин бадыраң алдык», - деди ал.

Алар күнөскананы тургузууга 25 миң сом, ал эми жылуулук системасына 17 миң сом жумшашкан.

Алмаз кесиби боюнча инженер, ал эми жубайы Салтанат эсепчи болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×