Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.01.2016 09:43

Жалал-Абад шаарында өткөн жылы 3,3 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясында кечээ, 26-январда 2015-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2016-жылга милдеттер жөнүндө коллегия болуп, ага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн 1-орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Салайдин Авазов, шаардык кеңештин төрагасы Эрнисбек Ормоков жана шаардын активи катышты.

Жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда 2015-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары, жетишкен ийгиликтери менен айырмаланган шаардын 25 кызматкери сыйланып, аларга «Жылдын мыктысы» дипломдору салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Андан кийин, шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаев Жалал-Абад шаарынын 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча баяндама жасады. Анын сөзүнө караганда, шаар үчүн приоритеттүү тармак болуп өнөр жай тармагы эсептелет. Шаардагы көпчүлүк өнөр жай ишканалардын жетекчилери ички ресурстардан туура пайдаланып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу эсебинен бош турган өндүрүштүк кубаттуулуктарында кеңири керектелүүчү товарларды иштеп чыгууну жолго салып, жакшы жетишкендиктерге жетише алышты.

«Өнөр жай ишканалары тарабынан өткөн жылы 3 млрд 351,8 миң сомдук продукция өндүрүүгө жетише алышты», - деди Т.Темирбаев.

Шаардагы өнөр жай ишканаларынынын көлөмүнүн өсүшүнө чоң салымын кошуп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен бир нече ишканалар бар экендигин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×