При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жума, 26-май
67.95    76.39    1.21    KZT 0.22

Кытайлык инвесторлор келбей калгандыктан тамчылатып суугаруу планы аткарылган жок, - Көк-Жаңгак шаарынын мэри

Turmush -  Көк-Жаңгак шаарында тамчылатып суугаруу боюнча коюлган план аткарылган эмес. Мындай маалымат бүгүн, 26-январда Сузак районундагы жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды.

Маалыматка караганда, Көк-Жаңгак шаардык мэриясы 2015-жылы тамчылатып суугаруу боюнча иш план кабыл алып, аны аткарууну планга киргизишкен.

Планга ылайык, былтыркы жылы шаарда 5 гектар жерди тамчылатып суугаруу өткөрүү иштери жүрмөк. Бул кадам райондун жыл ичинде аткара турган иш планына камтылган. Ошондой эле, облустук деңгээлде түзүлгөн планга да камтылган.

Тилекке каршы коюлган план ишке ашпай, облустун көрсөткүчүн да артка тарткан. Бул жагдай боюнча Көк-Жаңгак шаарынын мэри М.Юсупов өз түшүндүрмөсүн берди. Анын айтымында, планга ылайык быйыл шаарда тамчылатып суугаруу иши жанданмак.

«Мындай иш мерчемди жүзөгө ашыруу үчүн 5 адис Кытай мамлекетине барып, 28 күн окуп келишкен. Атайы 5 гектар жер бөлүнүп, айланасы да тосмолонгон. Бирок, кытайлык инвесторлор келбей жаткандыктан коюлган план ишке ашпай калган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1065
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×