Бөлүмдөр
Жума, 19-январь
69.44    84.74    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Өлкө аймагында биринчи жолу пневмония оорусуна каршы эмдөө иши жүргөнү жатат

Turmush -  Өлкө аймагында биринчи жолу пневмонияга (өпкөнүнүн сезгенип оорушуна) каршы эмдөө иши жүргөнү жатат.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Алия Арыкбаеванын айтымында, 24 айга чейинки ымыркайлар арасында пневмония оорусунун көп катталышы, ал оорудан каза болгон балдардын санынын көп болушу эмдөө ишин жандантууга түрткү берди.

КРнын Улуттук эмдөө календарынын алкагында бул ооруга каршы «РСV-13» вакцинасы 1 жашка чейинки балдар арасында 3 жолу, башкача айтканда 2 айлыгында, 3,5 айлыгында жана 12 айлыгында берилет.

«Вакцина 0,5 мл булчуңдун ичине сайылат жана башка вакциналар менен бир убакта башка-башка ийнелер сайылат. Бул эмдөө дене табы 39 градуска чейин көтөрүлүп турган балдарга жасалбайт. Ошондой эле аллергиясы бар балдарга, мурда алган дозага аллергия берилсе жасоого болбойт. Бул ооруга каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин жеңил реакция болушу күтүлөт. Ал учурда парацетамол таблеткасын ичирүү керек», - дейт А.Артыкбаева.

Бул вакцина айына жетпей төрөлгөн балдарга да жасалууга тийиш. Мындан сырткары, ВИЧ инфекциясы жана башка иммунитеттин бузулуусу катталган бейтаптар да алса болот.

Жаңы вакцина менен эмдөөнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен март айында баштоо күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1566
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×