Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу 22.01.2016 13:23

Жалал-Абадда өткөн жылы балдарга карата 9 ооруга каршы эмдөө иши жүргүзүлгөн

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 2015-жылы пландуу эмдөө иши өз нугунда жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Алия Арыкбаева билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн 2013-жылдын 1-февралында №47 «2013-2017-жылдарга «Иммунопрофилактика» программасын бекитүү» жөнүндөгү токтом чыккан.

Бул токтомду ишке ашыруу максатында эмдөө жолу менен башкарууга мүмкүн болгон 9 ооруга каршы эмдөө иши жүргүзүлдү. Тактап айтканда шал, кептөөр, көк жөтөл, селемей оорусуна каршы 1 жашка чейинки 28 миң 900 баланы эмдөө пландалган болсо, 7 миң 979 бала эмделген.

Ал эми 1 жашка толгон балдарга кызамыкка, тепмеге каршы 29 миң 614 балага эмдөө жүргүзүү пландалса баары тең эмдөөдөн өтүшкөн. Ал эми 2 жашка чыккан 25 миң 865 бала кайрадан кептөөр, селемей оорусуна каршы эмделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×