Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда өткөн жылы 620 жашоочу балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тартышкан

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 2015-жылы 620 жаран балдарын пландуу эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тартышкан.

Жалал-Абад облустук мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Алия Арыкбаеванын айтымында, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Токтогул райондорунан жана Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларынан ар кандай диний көз караштагы адамдар балдарын эмдетүүдөн баш тартышты.

Тактап айтканда, 620 атуул балдарын пландуу эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тартышкан. Алардын көпчүлүгүн жаштар түзүүдө.

«Биздин кызматкерлердин дин кызматкерлери менен бирдикте жүргүзгөн иш мерчемдеринин жана маалымат каражаттарына эмдөөлөр тууралуу тынымсыз байланышып тургандыгынын таасиринен эмдөө ишинен баш тарткан 340 атуул кайрадан балдарын эмдетишти», - деп билдирди ал.

2014-жылы облуста 900дөн ашуун адам балдарын эмдетүүдөн баш тартышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1829
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×