Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.01.2016 17:13

Жалал-Абад шаарында 2015-жылы өнөр жай продукциясы 284,9 млн сомго көп өндүрүлдү

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 2015-жылы өнөр жай тармагында өсүш жаралды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, жыл ичинде салыштырма баалар менен алганда 3 миллиард 351 миллион 800 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 109,3%га жетти. Мурдагы жылга караганда 284,9 миллион сомдук продукция көп алынган.

2014-жылда өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 3 миллиард 66,9 миллион сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×