Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 20.01.2016 17:57

Айыл турмушу: Ала-букалык сүрөтчү Т.Жунусовдун 8 миң сомго чейин бааланган эмгектери (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун 45 жаштагы тургуну Таалай Жунусов 35 жылдан бери сүрөт тартуу менен алектенет. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ала-Бука районундагы бөлүмүн жетектейт. Жумушунан тышкары, сүрөтчүлүк менен алектенет.

Ал — райондогу жалгыз сүрөтчү. Анын боёк менен тарткан портреттери өзгөчө. Райондогу чыгаан инсандардын портреттери анын кыл калеминен жаралган. Өз эмгектерин 3500 сомдон 8000 сомго чейин баалайт.

«Мен жетекчилик кызматтан сырткары сүрөт тартуу менен алек болом. Сүрөттү каражат табуу максатында эмес, эргүү алуу үчүн тартам. Тилекке каршы, заман талабына ылайык май боек менен сүрөт тарткандар азайып бара жатат. Баарын техника жасап калды. Сүрөт тартуу — бул өзүнчө чоң бир искусство», - дейт Т.Жунусов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×