Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.01.2016 16:52

Жалал-Абад шаарына 2015-жылы 3,2 млрд сомдон ашык инвестиция тартылган

Turmush -  Жалал-Абад шаарында өткөн 2015-жылы ички жана тышкы инвестицияларды тартуу иши илгериледи. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, жалпы инвестиция тартуунун көлөмү жыл ичинде 3 миллиард 260,3 миллион сомго жетип, өсүү темпи 106%ды түзгөн. Мурдагы жылга караганда инвестиция 185,8 миллион сомго көп тартылган.

Анын ичинен тышкы инвестицияларды тартуунун өсүү темпи 141,5%ды түзүп, көлөмү 560,8 миллион сомго жетти. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 154,5 миллион сомго көптүк кылат.

Ал эми ички инвестиция тартуунун көлөмү 2015-жылы 2 миллиард 699,5 миллион сомду түзүп, өсүү темпи 100,8% болду. Бул мурдагы жылга караганда 21,4 миллион сомго көп.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×