Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.01.2016 16:28

Жалал-Абадда өткүр респиратордук вирустук жугуштуу оорусунан 19 өспүрүм каза болгон

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында катталган жугуштуу оорулардын ичинен өткүр респиратордук вирустук жугуштуу оорусу көп катталып, ал оорудан 14 жашка чейинки 19 бала каза болгон.

Облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан алынган маалыматка караганда, жыл ичинде жугуштуу оорулардын 23 түрү менен 34 миң 605 адам ооруканага кайрылган болсо, анын ичинен 14 миңге жакыны өткүр респиратордук вирустук оорусу менен кайрылгандар.

2014-жылы бул оору боюнча 13 миң 315 учур катталып, 4,7%га өскөнү байкалган. Бул оорунун ичинен 14 жашка чейинки балдар арасында 9178 учур катталган же 65%ын жаш балдар түзгөн. Башкача айтканда, 1 жашка чейинки балдар арасында 2172, 1 жаштагы балдар арасында 1785, 2 жаштан 4 жашка чейинки балдар арасында 3068 учур катталган.

Бул жугуштуу оору Сузак, Токтогул, Чаткал райондорунда жана Кара-Көл, Майлуу-Суу шаарында өскөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×