Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 20.01.2016 09:51

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Луиза кыздарга себет, таажы жана ободоктордун түрүн жасап сатат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 28 жаштагы тургуну Луиза Жороева кыздарга ылайыктуу себет, таажы жана ободоктордун түрүн жасап, аларды сатуу менен киреше табат. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындай кол өнөрчүлүктү ал интернет булактарынан окуп, үйрөнүп алган.

«Көбүнчө Бишкекте жашагандыктан кардарлар социалдык түйүндөр аркылуу буюртма беришет. Ал эми Кара-Көлгө келгенде дүкөндөргө бул буюмдарды сатыкка коем. Айына орто эсеп менен 5-6 миң сом киреше табам», - дейт ал.

Л.Жороева ободокторду материалына жараша 350 сомдон жогору сатат. Ал эми селделерди 600 сомдон токуйт. Мындан тышкары, кооз жакаларды 600 сомдон жасайт.

«Үйлөнүү үлпөт тоюна жана кыз узатууга да атайын таажыларды жасайм. Турмушка чыгып жаткан кыздар өз табитине жараша буюртма беришет. Мен кардарлардын кыялдарын орундатууга аракет кылам», - деди ал.

Л.Жороева үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×