Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.01.2016 15:27

Жалал-Абад шаарында быйылкы жылы 10 ишкана ачуу пландалууда

Turmush -  Быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында шаардык бюджетке олуттуу киреше алып келүүчү 10 ишкана ишке кирет. Бул тууралуу мэр Салайдин Авазов билдирди.

«Быйылкы жылы биз шаарыбызда жергиликтүү бюджетке олуттуу киреше алып келүүчү 10 ишкана ачабыз. Буга бизде толук мүмкүндүктөр бар. Демек, бизде жумушчу орундары пайда болуп, атуулдарыбыздын социалдык маселелери да кыйла даражада чечилет», - деди ал жыл ичинде аткарылуучу иш-чараларды талкуулоо боюнча бүгүнкү өткөн жыйында.

Жыйында белгилүү болгондой, жаңы ачылган ишканалардын эсебинен шаардык бюджеттин киреше бөлүгү артып, анын көлөмү ондогон миллион сомду түзүшү ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×