Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 19.01.2016 13:52

Кара-Көл шаарында 2015-жылы 12 адам бруцеллез оорусу менен катталган

Turmush -  Кара-Көл шаарында 2015-жылы 12 адам бруцеллез менен ооруп, катталган. Бул тууралуу Кара-Көл шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунун бактериологиялык лабораториянын башкы дарыгери Дамира Койчуманова билдирди.

Анын айтымында, бул оору жаш балдар арасында да кездешүүдө.

«Республикада бруцеллез оорусу боюнча абал начар. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен оорунун деңгээли боюнча Кыргызстан 1-орунда турат. Бул оору негизинен малдан жугат. Эчки, кой, уй, чочко, бугулардан да жугат. Бул оору малдын заарасы, кыгы менен бөлүнүп чыгат. Койлордун, эчкилердин жүнүн кыркканда же мал сарайларды тазалаганда дем алуу органдары аркылуу жугат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×