Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 18.01.2016 10:39

Кара-Көлдөгү мугалимдер каникул учурунда спорттук мелдештерге катышууда

Turmush -  Кара-Көл шаарындагы мугалимдер кышкы эс алуу күндөрүн ден соолугун чыңдоо менен өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын директору Гүлбара Кокоева билдирди.

Анын айтымында, жакында №3 жана №1 мектептин мугалимдер жааматы Ден соолук күнүн белгилешти. Мында мугалимдер спорттун волейбол, шахмат, шашки, эстафета түрлөрү боюнча мелдешти. Жыйынтыгында, №1 мектеп-гимназиясынын мугалимдер жамааты жеңишке жетти.

«Окуучулардын кышкы эс алуу күндөрүндө мугалимдер иштегендигине байланыштуу убакытты көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүү максатында бул иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Аны менен ден соолугубузду чыңдап, дени сак жашоого үндөйбүз. Ошондой эле, эки мектептин мугалимдеринин достугу менен ынтымагы бекемделет», - деди Г.Кокоева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×