Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 16.01.2016 12:18

Айыл турмушу: Ала-букалык Г.Умарова күнүнө 400-500 даана чүчбара түйүп, кафелерге сатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун тургуну Гүлида Умарова үйүндө чүчбара түйүп сатуу менен киреше табат. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал күнүнө 400-500 даана чүчбара түйгөнгө жетишет. Чүчбаралар таза азыктан жасалат. Майда тууралган этке пияз, калемпир гана кошулат.

«Менин туруктуу кардарларым бар. Райондогу ашкана, кафелерди иштеткен адамдар келип алып кетишет. Алар менин чүчбараларымды үй чүчбарасы деп сатышат. Чынында колго жасалган чүчбаралар даамдуу болот. Канча буюртма түшсө, ошончо түйөм. Данаасын 2,5 сомдон сатам. Жакшы киреше түшөт. Кыздарым да жардам беришет. Ушул иш аркылуу үй-бүлөмдү багып жатам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×