Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.01.2016 18:26

Жалал-Абадда укук коргоо органдарынын демилгеси менен волейбол боюнча турнир өтүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын демилгеси менен волейбол боюнча турнир өтүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, турнир ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад аймагында жайгашкан ротасынын түзүлгөндүгүнүн 2 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Мелдеш күч түзүмдөр жана укук коргоо органдары, сот тармагындагы кызматкерлер арасында жүрүп, жалпысынан 14 команда катышууда.

Жалал-Абад аймагындагы шаар, райондук ички иштер кызматкерлеринин, сот тармагынын, Улуттук гвардиянын жергиликтүү бөлүгүнүн командалары күч сынашууда. Алардын арасында кыздар командалары да бар. Мелдеш 2 күнгө уланып, жеңүүчүлөр эртең, 16-январда аныкталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×