Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 15.01.2016 14:33

Айыл турмушу: Ала-букалык У.Рахманова каттама самсанын 3 түрүн жасап, даанасын 10 сомдон сатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун тургуну Умида Рахманова борбордук базардагы жол жээгинде каттама самса бышырып сатат.

У.Рахманова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал күнүнө 150 даанага чейин самса сатат.

«Каттама самсанын үч түрүн жасайм. Картошка, эт жана ашкабактан жасалган самсалардын даанасы 10 сомдон сатам. Башкалардан айырмаланып, самсанын камырын сатып албай, өзүм жасайм. Ошондуктан самсанын камыры калыңыраак болот. Тойлордо дасторкон жасап барчу аялдар менин кардарларым болуп эсептелинет», -дейт У.Рахманова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×