Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 15.01.2016 10:37

Айыл турмушу: Ала-букалык жаш ишкер бөдөнөнүн жумурткасын сатып, күнүнө 2500 сом киреше табат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Кажар айылынын 27 жаштагы тургуну Халимжан Исиралиев бөдөнө багуу менен алектенет. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Ал ишкердикти 15 бөдөнө багуу менен баштаса, учурда анын саны 150дөн ашкан. Жаш ишкер бөдөнө багууну атайын Ош шаарында окуп үйрөнгөн. Учурда ал бөдөнөнү көбөйтүп, санын 1000ге жеткирүүнү пландоодо.

«Бир жыл мурда бөдөнө багууну атайын Ош шаарынан окуп, үйрөнүп келгем. Ал жерде бөдөнөгө тамак берүү, орууларын дарылоону үйрөндүм. Бөдөнө баккан орус улутундагы адамдын колунда жүрүп, андан 15тей бөдөнө алган элем. Бир жылдан бери бөдөнө багуу менен алектенип жатам», - деди Х.Исиралиев.

Ал күн сайын бөдөнөнүн 30-40тай жумурткасын сатат.

«Бөдөнөнүн жумурткасын издегендер көп. Өзүмдүн кардарларым дагы бар. Ар бир жумуртканы 7 сомдон сатам. Күнүнө 30-40тан жумуртка сатып, 2500 сомго чейин киреше табам. Үй-бүлөмдү ишкердик менен багып жатам», - дейт ал.

Ал бөдөнөнүн жумурткасын издегендердин саны акыркы убактарда көбөйүп жаткандыгын айтты.

«Бөдөнөнүн жумурткасы адамдын ден соолугуна өтө пайдалуу болот экен. Ашказан, бөйрөк орууларына чалдыккандар көп жешет. Жаш балдардын иммунитетин жогорулатууга дагы жакшы деп айтып жүрүшөт. Жумуртканын пайдасы көп болгондуктан, адамдар аны оруулардын бардык түрүнө колдонушат», - дейт ал.

Учурда ал бөдөнөнүн жумурткаларын жазга чейин атайын ток менен жөжө кылып чыгарууга камданууда. Быйылкы жылы 100дөй жөжө чыгарууну пландоодо.

«Жаш кезимен эле ишкердик кылууну пландачумун. Учурда ишкердиктин сырларын ачууга аракет көрүп келем. Каражат жок кризис деп отура берсек бизге эч ким акча бербейт. Жаз айынан тарта тоок фермасын ачууну пландап жатам», - деди Х.Исиралиев.

Ал үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×