Бөлүмдөр
Жума, 20-апрель
Жалал-Абад

Жалал-Абад облустук ооруканада так диагноз коюлбай операция жасалган бейтаптын туугандары дарыгерлерге нааразы

Turmush -  Жалал-Абад облустук ооруканада так диагноз коюлбай операция жасалды деп бейтаптын туугандары дарыгерлерге жана УЗИ аппаратына тарткан УЗИ дарыгерине нааразы болушууда.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Сузак районуна караштуу Атабеков айыл аймагынын жашоочусу Абыда Курбанова быйылкы жылдын январь айынын алгачкы күндөрүндө катуу ооруп, 5-январь күнү облустук ооруканага келип кайрылган.

Бир тууган иниси А.Исраиловдун айтымында, ошол эле күнү эжеси жеке УЗИлердин бирине түшкөн. Анда, өтүндө майда таш бар экендиги айтылып (желчнокаменная болезнь), курч холецистит (өттүн ыйлаагынын сезгениши) деген диагноз коюлган. Мындан улам бейтаптын жакындары өтүн алдырууну көздөшкөн.

«УЗИден курч холецист деген диагноз коюлду. Мындай болсо өт ириңдеп, шишип кетет экен. Биз диагнозго карап, операция жасатууну көздөдүк. Дарыгерлер да «операция жасаш керек, болбосо приступ болот» дешкенинен биз операцияга макул болгонбуз. Хирург Абдурахман Эшмуратов эжемдин абалы оор экенин, операцияны көтөрө албай калышы мүмкүндүгүн айтты. Бирок, ал «өттү алыш оңой, 40 мүнөттө эле алып коём» дегени бизге дем берди. Биз ишендик, эртерээк өт алынса, андагы таштардан кутулса, эжебиз жакшы болуп кетет деп ойлодук. Операция учурунда жубайымды чакырып: «өтү таза экен, эч нерсе жок, мен өтүнө тийбейм боорунун астында эзилгендей болуп кан уюп турат, ошол жерин тазалап коём» дептир. Эжемди наркозду көтөрө албай калышы мүмкүн дешти эле, наркозду көтөрдү, эгер көтөрө албай калса тил кат жазган биз күнөөлүү болуп калмакпыз. Биз операцияга кире турган эжебизге диагноздун так коюлбаганына нааразы болуп жатабыз», - дейт иниси.

Ал белгилегендей, туугандары операцияда өттүн майда таштары алынып салынат деген ойлору ишке ашкан эмес. Анткени операцияда өтү таза делинип, оорунун приступ берип жатканы боордон экенин айтышкан.

«УЗИден текшерилгенде сарык деп диагноз коюлган. Эч кандай боор циррозу (цирроз печени) деп айтылган эмес. Эгер ошондой болсо, биз операцияга уруксат бермек эмеспиз. Мен боор циррозу дартын жакшы билем. Дарыгерлер операция жасап жатышканда боор циррозу экен деп өттү албастан жаап коюшкан. Бул диагноз операцияга чейин так коюлушу керек болчу. УЗИде андай диагноз коюлган эмес», - дейт А.Исраилов.

Ал эми облустук оорукананын хирургу А.Эшмуратов бейтаптын туугандары операция жасатабыз деп туруп алышкандыктан аргасыз операция жасаганын, негизги себеби боордо болуп жатканын билдирүүдө. Анткени өттөн издеген айып боордон чыгып жатат.

«Биз башында туугандарына операция кылганга болбойт, бейтаптын абалы оор деп түшүндүргөнбүз. Туугандары операция жасап бергиле, приступ болуп кыйналып жатат, тил кат деле жазып беребиз деп туруп алышкандыктан, макул болгонбуз. Боору ооруганын, эженин абалы оор экенин билгенбиз. Операцияда өттү алайын десем, боор циррозго айланып кеткен экен. Боору жүзүм сыяктуу бүртүк-бүртүк болуп өзгөрүп кетиптир. Операция болгон эженин келинин операцияга чакыртып, ага баарын көрсөтүп, өтүн алган менен боордун бычак тийген жерлери канап, эженин абалы оорлошу мүмкүн экенин айтып түшүндүргөм. Эгер өтү ириңдеп кетсе, аргасыздан алууга мажбур болот элек, андай эмес экен. УЗИде өт шишип турганы көрсөтүлгөн, чын эле шишиптир. Боорунда өзгөрүштөр бар деп берген. Бул жерде негизги себеп боордо болуп жатат», - деп жооп берди хирург.

Ал белгилегендей, өттүн ичиндеги майда таштар илинген эмес.

Ал эми бейтаптын жакындары операцияга чейин сарык деп гана айтылганын, боору циррозго айланганы боюнча айтылбаганын айтышууда.

УЗИге тарткан дарыгер Жылдыз Кожалиева боор циррозу деп диагноз койбогонун билдирүүдө.

«Мен өнөкөт сарык, курч холецист деп коюптурмун. Мен тарткан убакта өтү чоңоюп кеткен экен, өттүн ичинде майда таштар бар эле. Мен операция болгонун 13-январда уктум. Операция кылыныптыр, өттү ачып кармалап көрүшүп таш жок деп эле жаап коюшуптур. Менин оюмча өнөкөт сарык менен ооруган адам операцияга алынбашы керек эле. Бирок, алар ачып туруп боор циррору деп тыянак чыгарышыптыр. Бирок, мен УЗИден боор циррозу деп берген эмесмин. Гастроэнтеролог Ш.Сатыбаева да боор циррозу деген диагноз койгон эмес. Биохимиялык анализдерде да бул нерсе тастыкталган жок. Бейтаптын абалы жакшырганда кайра көрүп, тастыктап берем, өттө таш бар болчу, демек колго илинген эмес», - дейт УЗИ дарыгери Ж.Кожалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2586
Көп окулду
×