Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 14.01.2016 16:09

Айыл турмушу: Аксылык чебер Н.Мамбетова кыргыз орнаменти түшүрүлгөн заманбап төшөктөрдү тигет (фото)

Turmush -  Аксы районунун Кара-Төбө айылынын тургуну Нурзат Мамбетова көп жылдан бери тигүүчүлүк менен алектенет.

Н.Мамбетова Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал буюртма алып, кыздардын себи үчүн заманбап төшөктөрдү даярдайт.

«Бул айылга келин болуп келгениме 6 жыл болду. Көбүнчө кыздардын себин, көшөгө, төшөнчүлөрдү тигем», - дейт ал.

Чебер айымдын айтымында, учурда кыздын себин даярдоого суроо-талап көп болууда. «Заманбап стилдеги терезе пардаларды тигем. Ошондой эле, кыргыздын улуттук орнаменттери түшүрүлгөн көрпө-төшөктөргө, жаздыктарга элдин суроо-талабы күч. Айрыкча айыл жеринде кыздын себин даярдоого буюртма көп болот», - деди Н.Мамбетова.

Мындан тышкары, ал куртка, кемсел, көйнөк сыяктуу кийимдердин түрүн тигет. Өз чеберчилиги менен ал үй-бүлөлүк киреше булагынын бир бөлүгүн камсыз кылат.

Н.Мамбетова Жалал-Абад шаарындагы технологиялык дизайнерлер колледжин бүтүргөн. 2013-жылы айыл башчынын сунушу менен Падыша-Ата айылында өткөн кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнө да катышкан.

Чебер айым колдоолор болсо айылга чеберкана ачууну пландап жатканын айтты.

«Эгерде материалдык колдоолор болсо чакан цех ачмакмын. Айылдык кыз-келиндерге жумуш орундары түзүлмөк. Кол өнөрчүлүк менен жакшы киреше табууга болот», - деди ал.

Кара-Төбө айылынын тургундары айылга цех ачууну кубаттап, мектепте да кыздар үчүн эмгек сабагын кеңейтүүнү сунушташкан.

87

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×