Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 14.01.2016 10:36

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну А.Кыпчакбаева сүт азыктарынын 7 түрүн сатып, күнүнө 1000 сомго чейин киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургуну Алчакан Кыпчакбаева сүт азыктарын сатып, жакшы соода болгон күндөрү 500 сомдон 1000 сомго чейин киреше табат. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

А.Кыпчакбаева уйдун сүтүнөн жасалган азыктардын 7 түрүн: сары май, сүзмө, чөбөгө, курут, айран, сүт, каймак сатат. Мындан сырткары таруудан жаслаган бозо сатат.

«Кара-Көл шаары мал багууга ыңгайсыз болгондуктан мал бакпайбыз. Бирок, жумуш жоктугуна байланыштуу базарда сүт азыктарын сатууга туура келүүдө», - деди ал.

Сүт азыктарын ал Токтогулдан сатып келип, үстүнө 10 же 20 сом кошуп сатып, пайда көрөт.

«Кээде бир туугандарым сатыкка сүт азыктарын жөнөтүшөт. Алар аары багып, бал өндүргөндүктөн сатып өткөрүү үчүн бал жөнөтүп турушат», - деди сатуучу.

А.Кыпчакбаева жакындан бери 1 литр сүттүн баасы 10 сомго кымбаттагандыгын айтты. Мурда 40 сом болсо, учурда 50 сомдон сатылууда. «Кышкысын уйлар байып, сүт аз болгондуктан баасы дагы кымбат болууда», - дейт ал.

А.Кыпчакбаева 1984-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×