Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 13.01.2016 16:28

Айыл турмушу: Ала-Буканын тургуну Н.Алимбеков териден ат жабдыктарын жасап, топтомун 20 миң сомго баалайт (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын тургуну Наргозу Алимбеков ат жабдыктарын жасап сатат.

Н.Алимбеков Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал ат жабдыктарын жасоону атасынан үйрөнгөн. Анын териден жасаган жабдыктары бышык болгондуктан ага буюртма берген адамдар көп. Ал жүгөн, басмайыл, камчынын ар кандай түрүн жана ээр токумду кайыштан кооздоп жасайт. Бир ат үчүн жасалган жабдыктардын топтому 20 миң сомго сатылат.

«Мен жасаган жабдыктарды көбүнчө белек кылуу үчүн сатып алышат. Күмүштөн жасалган жүгөндүн өзү эле 8 миң сомго бааланат. Ал эми элик туяк камчылар 2 миң сомдон сатылат. Кээде жасаган жабдыктарды базарга алып барып сатам», - дейт ал. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×