Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Кара-Көлдө балдар арасында сарык оорусунун «А» түрү көп катталып, бала бакчанын бир тайпасы жабылды

Turmush -  Кара-Көл шаарында 2015-жылы сарык оруусу менен ооруган 95 киши катталган. Бул тууралуу шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл 2014-жылга караганда 52 адамга көп катталган. Алардын көпчүлүгүн жаш балдар түзгөн.

Сарыктын «А» түрү көп катталып, 4 жашка чейин - 37, 5-14 жашка чейин - 44, 15-17 жашка чейин 8 адам катталган.

«Көбүнчө сарыктын «А» түрү менен Токтогул Каскаддар ГЭСине караштуу «Россинка» бала бакчасында тарбиялангандар ооруп, бир тайпасы жабылды. Бул боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүп, сарык оорусу катталган мекемелердин баарына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», - деди борбордун өкүлү Г.Нурматова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2219
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×