Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 12.01.2016 18:32

Айыл турмушу: Токтогулдун 79 жаштагы тургуну М.Жаңыбаев быйыл 20 бодо малды семиртип сатууну пландоодо (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Торкен айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынын 79 жаштагы тургуну Майкан Жаңыбаев дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүнү колго алууда.

М.Жаңыбаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, учурда ал балдары менен биргеликте 3 гектар жерди иштетип, киреше табууда. Бул жылы жүгөрүдөн 3 тоннага жакын түшүм алышкан. Мал чарбасы үчүн кышкы тоютту да камдап алышат.

Бул жылы бодо малдын санын 20 башка жеткиришти. Жыл сайын бодо малды семиртип сатып, кошумча киреше табышат. Бул жылы 5 баш бука байлап семиртүүдө. Мындан сырткары 100гө жакын тоок багышат. Ушул убакытка чейин уй саап, күнүнө 6 литрге чейин сүт алышат.

Дыйканчылык кылууда атайын техникалардын жоктугунан бир топ кыйынчылыктар болуп жаткандыгын белгилейт. «СССР убагында жүгөрү чыгарып, тоют чөбүн кыркып жүргөн техникалар учурда эскирип, иштебей калды. Балдарым менен кеңешип, дыйканчылык үчүн пайдалануучу атайын техника алууну пландап жатам», - дейт карыя.

Ошондой эле асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө кызыгып жатат. Бирок, аймакта асыл тукумду өнүктүрүү борборлору жок болгондуктан ишти баштай элек.

«Мал чарбасын өнүктүрүү үчүн жакшы шарт түзүү аракетин көрүп жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×