Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 12.01.2016 13:58

Сонунбек Акпаралиев Ала-Бука районунун акими болуп шайланды

Turmush -  Бүгүн, 12-январда Ала-Бука районунун акими болуп Сонунбек Акпаралиев шайланды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А 1

Жергиликтүү депутаттардын бири Жунус Бекешовдун айтымында, шайлоого жалпысынан 168 депутаттын ичинен 162 депутат катышты. Ала-Бука районунун акимин шайлоого 3 талапкер катышты.

- Сонунбек Акпаралиев — буга чейин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеген;

- Бектур Сагынбаев — буга чейин Ала-Бука районунун 1-орун басары болуп иштеп, учурда акимдин убактылуу милдетин аткарууда;

- Садырбек Сатыбалдиев — буга чейин Жалал-Абад облустук мамлекеттик алминистрациясындагы уюштуруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы кызматында иштеген.

Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Акпаралиев Сонунбек 95 добушка ээ болсо, Сагынбаев Бектур 64 добуш алган. Ал эми Сатыбалдиев Садырбек добуш алган эмес. 2 бюллетень жараксыз деп табылды.

Ала-Бука районунун акими А.Кулуев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×