Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу 12.01.2016 12:14

Жалал-Абадда 2015-жылы ВИЧ илдетин жуктурган балдардын саны 71ге жеткен

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 2015-жылдын 1-сентябрына карата ВИЧ илдетин жуктурган 401 эркек жана 299 аял катталган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, облус аймагында 2015-жылдын 1-сентябрына карата ВИЧ илдетин жуктурган 71 бала катталган. Бул көрсөткүч ВИЧ илдети катталган жылдардан тарта топтолгон. Ал эми 2015-жылдын 9 айында ВИЧ илдети менен 78 адам катталса, алардын саны 2014-жылы 54 адамды түзгөн.

2010-2011-жылдары ВИЧ жугуштуу оорулары бар балдар каттала баштаган. 2004-жылдын 1-январынан 2009-жылдын 31-декабрына чейин төрөлгөн балдарга текшерүү жүргүзүлгөн. Ошондой эле, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарында, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон райондорунда жана Жалал-Абад шаарында стационардык бөлүмүнө түшкөн 14 жашка чейинки балдар дагы тешерүүгө алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×