Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.01.2016 15:57

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну У.Көлбаев Пионер көлүнө муз тебүүчү аянтча жасап, күнүнө 5 миң сом киреше табууда (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 27 жаштагы тургуну Улан Көлбаев Пионер көлүнүн тегерегин көп жылдык таштандыдан арылтып, шаар эли эс алуучу жайга айлантты.

У.Көлбаевдин карындашы Мээрим Камчыбекованын айтымында, СССР мезгилинен бери каралбай калган Пионер көлү менен айланасы таштандыга толгон абалда турган. Мындан 2 жыл мурун бул жерди агасы ижарага алып, ал жерди бир ай бою тазалап, 65 «КамАз» таштанды чыгарган. Андан соң, жайкысын шишкебек бышыруучу жай, кышкысын муз тебүүчү жай курган.

«Бул эс алуу жайды «Темучин» деп атаганбыз. Көлдүн жээгинде жайгашкан. Ал тургай көлдүн оң жак тарабына, суу үстүнө чоң тапчан курганбыз. Көлдү тегеренип басуучу аллея жасап, түнкүсүн күйүп туруучу шам чырактарды жана олтургучтарды орноттук. Жайкысын шаар эли келип, музыка угуп, шишкебектин түрүн жеп, көлгө түшүп эс алышат. Ал эми кышкысын, көлдүн суусун азайтып, тоңдуртуп, муз тебүүчү жайга айлантабыз», - деди Мээрим Камчыбекова.

«Муз тебүүчү жайды даярдоого эки айга жакын убакыт кетти. Көлдөгү сууну азайтып, 1 см тоңдуруп, андан соң суу куюп, улам таптап, тоңдурдук», - деп кошумчалады ал.

М.Камчыбекова белгилегендей, ал агасына муз тебүүчү жайды иштетүүгө жардам берет. Алар былтыр ушул мезгилде биринчи жолу муз тебүүчү жай ачышкан. Быйыл муз тебүү сезону 9-январда башталып, эс алуучулардын саны күн санап көбөйүүдө.

«Ачылганыбызга эки күн болду. Кечки саат 17:00дөн түнкү 12:00гө чейин иштейбиз. Бул убакта орто эсеп менен 30га жакын адам келет. Саатына 150 сом алып, конькини өзүбүз беребиз. Күн суук болгондо муз тебүү үчүн шаардыктар көп келет жана күнүмдүк киреше 5 миң сомго чейин жетет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×