Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.01.2016 14:09

Айыл турмушу: Токтогулдун 79 жаштагы тургуну М.Жаңыбаев алмадан 20 тоннадан ашык түшүм алды (фото)

Turmush -  Токтогул районунун 79 жаштагы тургуну Майкан Жаңыбаев 5 гектар жерге отургузган 450 түп алма багынан алгачкы жолу 20 тоннадан ашык түшүм алды. М.Жаңыбаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 57 жыл эл үчүн кызмат кылган.

Кесиби боюнча авто механик. 27 жыл «Шопоков» колхозунда авто механик, гараждын жетекчиси кызматын аркалаган. 1979-жылдан бери Кара-Жыгач айылын сугат суу менен камсыздоочу Д.Шопоков насостук бекетинде жетекчи болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Ал 2014-жылы алма сатып, 120 миң сомдук кирешесине 25 чарчы метр аянтты түзгөн өсүмдүктөрдүн мөмөсүн сактоочу кампа тургузган. 2014-жылы 10 тонна алмасын Казакстандан келген сатып алуучуларга саткан.

«Быйылкы жылы 10 тонна алманы сактап, жакында эле саттым. Азыр бул кампада алманын ордуна картошка сактап жатабыз. Келечекте алманы көп убакытка сактоонун сырларын толук өздөштүрүп, алманын баасы кымбаттаган учурда сатыкка чыгарып, көп киреше табууну пландап жатам», - дейт ал.

Багбанчылыкты өздөштүрүүгө бардары жана неберелери жардам берүүдө. М.Жаңыбаевдин 1 кыз, 4 уулу, 28 небере, 4 чөбөрөсү бар. Бул бакты ал балдары жана неберелерине мураска калтырат. Алма бакта алманын «превосход», «персон», «симиренко» түрлөрү өсөт. Алманы ар кандай оорулардан сактоо үчүн 3 маал дарылап турат.

«Алган түшүмүбүз жылдан-жылга көбөйүп жатат. Биздин бак суунун башында жайгашса дагы алмалар үчүн тамчылатып суугаруу ыкмасын колдонобуз. Эми келечекте балдарым менен алманын ширесин даярдоочу цех ачууну пландап жатабыз. Алманын түшүмү жылдан-жылга көбөйүп жаткандыктан алма сактоочу кампаны чоңойтууну пландап жатабыз. Жакшы сакталган алмаларды коңшу мамлекеттерге сатыкка чыгырсак деген да ойлор бар. Мындан сырткары, балдар менен дыйканчылык, мал чырбасын дагы колго алып жатабыз. Бош убактымды алма бактын арасында өткөрүп эс алам. Анткени абасы таза жана салкын», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×