Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 08.01.2016 14:14

Тогуз-Тородо үй шартында консерваланган салаттан ууланган 2 адам ооруканага жетпей каза болду

Turmush -  Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына ботулизм диагнозу менен 14 адам кайрылып, 2 жаран ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу кечээ, 7-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик маалымдагандай, аталган ооруканага 6-январь күнү кечки убакыттан баштап 7-январга чейинки аралыкта тамак-аш азыктарына уулануу жана ботулизм диагнозу менен 14 бейтап кайрылды. Алардын экөө Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району менен Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары. Алардын арасынан 5 бейтап оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

«Ал эми Тогуз-Торо районунун 2 тургуну ооруканага жетпей жолдо каза болушту. Ооруканадагы бейтаптар керектүү дары-дармектер менен камсыз болушту», - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, жабырлануучулар үй шартында консерваланып даярдалган салаттан ууланышкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги үй шартында консервалоо иштерин жүргүзгөндө санитардык жана технологиялык эрежелерди сактоону эскертет.

Жалал-Абадда үй шартында жасалган салаттан ууланган 5 жаштагы кыз 1 айдан бери жасалма аппарат менен дем алууда

Жалал-Абадда акыркы үч аптада үй шартында жасалган салаттан 3 адам ууланып каза болду

Базар-Коргондо үй шартында жасалган салаттан 5 адам ууланып, 14 жаштагы кыз каза болду, анын иниси оор абалда (фото)

Үй шартында жасалган салаттан ууланган таш-көмүрлүк үй-бүлөнүн 73 жаштагы апасы каза болду

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×