Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 08.01.2016 09:23

Айыл турмушу: Ала-букалык Б.Хамдамов көп улуттун өкүлдөрү иштеген кондитердик цех ачып, таттуулардын түрүн даярдоодо (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Баястан айылынын тургуну Бахадыр Хамдамов Аксы, Чаткал, Ала-Бука райондорунун элин таттуулар менен камсыз кылат.

Б.Хамдамов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал бул ишти 5 жыл мурда баштап, учурда чоң кондитердик цех иштетүүдө. Цехте 6 адам иш менен камсыз болуп, алар таттуулардын түрүн бышырышат.

«Биздин кондитердик цехте бөлкө нандын, торттун түрү жасалат. Мындан тышкары таттуулардын көптөгөн түрлөрү даярдалат. Аларды атайын кутуларга салабыз. Өндүрүлгөн продукциялар дүкөндөргө өз учурунда таратылат. Анткени кээ бирлеринин убактысы өтүп кетсе жараксыз болуп калат. Цехте өз кесибин мыкты билген көп улуттун өкүлдөрү иштешет. Кыргыз, өзбек жана тажик улутундагы жарандар ынтымактуу иштешет», - деди Б.Хамдамов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×