Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 07.01.2016 15:02

Айыл турмушу: Сузактын 65 жаштагы тургуну П.Алдозова өзгөчө бешик боолорун жасаган саналуу чеберлердин бири (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Соку-Таш айылынын жашоочусу 65 жаштагы тургуну Пашарат Алдозова бешиктин өзгөчө боолорун жасайт.

П.Алдозова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, өзгөчөлөнүп жасалган боого кызыгып, буюртма бергендердин саны арбын.

Облустук, райондук деңгээлде өткөн көргөзмөлөрдө да бешиктин жасалгасы көрсөтүлүп, көпчүлүктүн кызыгуусун арттырат. Өлкөнүн башка аймактарына алып кеткендер көп. Чебердин айтымында, бир топ жыл мурун бул бешиктин борткосу деп аталчу. Убакыттын өтүшү менен бешиктин борткосу деген сөз бешиктин боосу деп аталып калган.

«Мен жасаган бешиктин боосу өлкөдө дээрлик жасалбай калды. Жасалса да саналуу адамдар жасашы мүмкүн. Бул буюмду илгери айылдагы апалар жасачу, жардам берип жүрүп үйрөнүп алгам. Бир бешиктин боосун жасоо үчүн 2 күн убакыт кетет. Биринчи күнү боонун жибин токуп чыгып, экинчи күнү чачыгын жасайм. Бир чачыгына 70 даана мончок кошуп жатам. Себеби кооз көрүнөт. Боонун жасалгасына кызыккандар көп», - дейт ал.

Ал мындай боолорду неберелерине жана жакын санаалаштарына жасап берген. Айылдагы жашоочулардан бул буюмга буюртма бергендер арбын.

«Кызына бешик бергендер көп кайрылат, үйдө жөн олтурбай жасап берейин деп жасап берем. Бул кол өнөрчүлүктү неберелериме да үйрөтүп жатам», - дейт чебер.

П.Алдозова айылда тон тигип, курактардын түрүн кураган алдыңкы чеберлердин бири катары таанымал.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×