Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 07.01.2016 13:03

Айыл турмушу: Мугалимдеринин барына жемпир түйүп белек кылган сузактык А.Калматова жердештерине заманбап курткаларды тигүүдө (фото)

Turmush -  Сузак районунун Соку-Таш айылынын тургуну Айнура Калматова көп жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет.

А.Калматова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал кол өнөрчүлүктү өз алдынча үйрөнүп алган. Ага быйыл кышкы курткага буюртма бергендер көп болду. Анткени ал калктын капчыгына жараша тигип берет жана анын тиккен курткалары элдин купулуна толот. Бир куртканы жашоочулар 500-600 сомго тиктирип жатышат.

Ал кол өнөрчүлүк боюнча билим алган эмес. Мектепте окуп жүргөн мезгилинде эле чоң энесинен түймөнү үйрөнүп, мугалимдерине жемпир, байпак токуп берчү.

«Мени окуткан мугалимдердин барына жемпир, байпак токуп бергем. Кичине кезимден эле кол өнөрчүлүккө кызыга баштадым. Мугалимдерим кийип жүргөнүн көрүп сүйүнүп, токуй берчүмүн», - дейт Айнура Калматова.

Турмуштук жагдайларга байланыштуу кол өнөрчүлүк боюнча билимин өркүндөткөн эмес. Кийин курак куроону өздөштүрүп, келин болгондо айылдагы жашоочуларга курак төшөктөрдү тигип берчү. Былтыркы жылы Бишкек шаарына барып тигүүчү болуп иштеп, кийимдердин түрлөрүн тигүүнү өздөштүргөн.

«Борбор калаага барып, көйнөктөрдү, курткаларды заманбап кылып тиккенди үйрөнүп келдим. Андан улам айылда буюртма бергендер көп болуп жатат. Өзүм жетишпей калгандыктан уулум менен кызымды да кийим тиккенге үйрөттүм. Бир күндө 2-3 куртка тигип бүтсө болот. Буюртма көп болгондо үчөөлөп тигебиз», - дейт чебер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×