Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 07.01.2016 09:45

Айыл турмушу: Ала-букалык Э.Жуманов Англия, Франциядан алдырткан «абердин ангус», «лимузин» породасындагы букалардан асыл тукум бодолорду алууда (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Кашкалак айылынын тургуну Эркин Жуманов жергиликтүүлөргө асыл тукум бодо алуучу фермер катары таанымал.

Э.Жуманов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал букалардын ар кайсы түрлөрүн Англия, Франция, Россиядан алып келип багат. Ошондой эле, эт жана сүт багытындагы уйларды элге жайылтуу менен алектенет.

Бүгүнкү күндө ал англиялык породадагы «абердин ангус», «сментал», «герефорд» жана Франциядан алдырткан «лимузин» букаларын багууда. Андан сырткары,  «гиссар» породасындагы койлордун да тукумун жайылтууда.

«Менин кесибим айдоочу болгону менен малдарды асылдандыруучу катары көп жылдан бери алектенем. Акыркы мезгилде мал чарбасында жакшы адистер азайып кетти. Мал багууда сандан сапатка өтүү мезгили келди. Мендеги багылып жаткан уйлардын породалары сейрек кездешет. Ушул уйлардан тукум алып, элге жайылтып алсак жакшы болмок», - дейт Э.Жуманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×