Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 06.01.2016 11:01

Айыл турмушу: 7 жылдан бери нан сатып иштеген ала-букалык М.Максымбекова күнүнө 400-500 нан сатат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун тургуну Манзура Максымбекова 7 жылдан бери райондун борбордук базарында нан сатуу менен алектенет.

М.Максымбекова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал күнүнө 400-500 даана нан сатат.

«Базарда нан алып-саткандар көп. Бул жерде нан саткандардын көпчүлүгү нанды өздөрү жасабайт. Бизге наабайчылар алып келип, арзан баада сатып кетишет. Биз анын үстүнө 2 сомдон кошуп сатабыз. Ар бир нан сатуучунун иштешкен наабайчысы бар. Мен да көп жылдан бери бир наабайчы менен иштешем. Анын жасаган нандары өтүмдүү болгондуктан, мен дагы жакшы киреше табам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×