Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 05.01.2016 09:18

Айыл турмушу: 25 жылдан бери бозо жасап саткан ала-букалык А.Бокоева күнүнө 2 миң сом киреше табат (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургуну Айсалкын Бөкөева 25 жылдан бери бозо жасап сатуу менен алектенет.

А.Бөкөева Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, алар үй-бүлөсү менен бозо жасайт. Алар күнүнө 80 литрге чейин бозо сатат.

«Эки түрдүү бозо жасайм. Кычкыл жана таттуу. Кычкыл бозо таруудан жасалса, таттуу бозо жүгөрүдөн жасалат. Бир чынысын 20 сомдон сатам. Ал эми 1 литри 50 сом. Туруктуу кардарларым көп. Алар күн сайын базарга келип ичип кетишет. Айрымдары үйлөрүнө алып кетишет. Бозо ден соолукка абдан пайдалуу, дарылык касиети бар. Соода жакшы болсо күнүнө 2 миң сомго чейин киреше табам», - деди А.Бөкөева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×