Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.01.2016 15:01

Айыл турмушу: Кара-көлдүк К.Акималиев эл аралык мелдештерде футбол боюнча Кыргызстандын командасынын дарбазасын коргоп келет (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 23 жаштагы тургуну Калыс Акималиев «Абдыш-Ата» футболдук клубунун дарбазачы катары эл аралык мелдештерде командасы менен бирге Кыргызстандын намысын коргоп келет.

К.Акималиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 5 жашынан бери футбол ойнойт. Алгач ал балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде Константин Петровичтин машыктыруусунда футбол ойноп баштаган.

Кара-Көл шаарындагы М.Фрунзе атындагы №3 орто мектепте 11-класста окуп жатканда Кочкор-Ата шаарчасынын «Нефтичи» футболдук командасынын курамында, жогорку лигада ойноп баштаган. Бул команда менен бирге көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Алар 2010-жылы Кыргызстандын чемпиону аталып, 2011-жылы Кыргызстандын супер кубогун жеңип алышкан. Ошол жылы Азия футболдук конфедерациясынын кубогунда 3-орунду ээлеп, АФКнын президентинин дипломуна татыган.

«Калыс 5-6 жашында көчөдө өзү теңдүүлөр менен футбол ойноп жүрө берчү. Кийин шаардагы балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебине бердик. Үй-бүлөдө эки уулдун улуусу. Баламдын кандай гана ийгилиги болбосун үй-бүлөбүз менен кубанып, колдоп турабыз. 2013-жылы КМШнын деңгээлинде өткөн футболдук мелдеште Кыргызстандын жаштарынан куралган курама команда менен ойноду. 2014-жылы Кореяда өткөн Азиялык олимпиада оюндарында дагы Кыргызстандын курама командасында ойноду. 2015-жылы «Абдыш-Ата» командасы менен Кыргызстандын кубогун жеңип алышты», - деди апасы Айгүл Чаева.

Футболчу: «2012-жылдан баштап «Нефтичи» футболдук клубу жабылып калды. Ошол жылдан тартып «Абдыш-Ата» футболдук клубунун негизги курамында ойноп баштадым. Оюн талаасындагы менин ролум, дарбазаны коргоо, топ өткөрбөө болуп эсептелет. Футбол боюнча мелдештерге катышып, көп өлкөлөрдө болдум. Маселен Казакстан, Өзбекстан, Россиядан сырткары Түркия, Малайзия, Кытай, Тайвань, Тайланд, Камбоджада болдум», - деп кошумчалады.

Ал футболдон тышкары баскетбол менен тенниске кызыгат. Кээде менеджери жана команда мүчөлөрү менен балык улоого барып, эс алышат.

«Быйылкы жылы жалпысынан 30дан ашык оюнга катыштык. Дарбазаны коргоп жатып, ошол 30дан ашык оюнда 14 топ өткөрүп ийдим. Атаандаштын топторун өткөрүп жиберген учурда өзүмдү ыңгайсыз, күнөлүү сезем. Кээде коргоочулар дагы жаңылыштык кетирет. Ошого карабай оюн талаасында мыкты оюн көрсөтүп, дарбазаны коргоого аракет кылам», - деди ал.

К.Акималиев учурда Кара-Көл шаарындагы И.Раззаков атындагы КМТУнун филиалында энергетик адистиги боюнча билим алууда. Атасы Акималы Айдаралиев кесиби боюнча инженер-механик, апасы Айгүл Чаева эсепчи. Иниси Бектемир 11-класстын окуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×