Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-январь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 30.12.2015 11:54

Токтогулдуктар республикалык мелдештерге даярдык көргөн ат оюндарын баштады (фото)

Turmush -  Токтогул районунда кыргыздын улуттук ат оюндарын өнүктүрүү үчүн райондук ат оюндарынын мелдеши Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Шамши Батырбеков атындагы ат майданында өттү.

Ат оюндарын өнүктүрүүнү колго алган «Кетмен Төбө көк бөрү» федерациясынын президентинин II кубогу боюнча өткөн мелдеште көк бөрү, кунан чабыш оюндары уюштурулуп, акчалай байгелер, медаль, дипломдор ошондой эле кубок берилди.

Аталган федерациянын президенти Нурбек Тотоновдун айтымында, мындагы мелдеш экинчи жолу уюштурулуп жатат.

«Уюштуруудагы негизги максат — аймактагы ат оюндарын өнүктүрүүгө салым кошуп, мыкты оюнчуларды колдоого алып, республикалык ат оюндар турнирлерине катышуусуна шарт түзүү болуп саналат. Ат оюндарын улуттун баалуулуктар катары сактап, аны өнүктүрүшүбүз керек. Ал үчүн ар бир өрөөндө, ар бир айылда, ар бир райондо ат оюндарын уюштуруу зарыл деп эсептейм.

Мелдешке катышкан эр азаматтардын мыктылары жеңиштерге жетишип, мыкты аттарды таптоого багыт алышса биз максатыбызга жетебиз. Себеби ат оюндарын өнүктүрүүгө аттарды таптоо керек, андан соң мыкты спорттук даярдыгы бар, ыкчам кыймылы бар чебер өнөрү менен тайманбай ойногон эр жигит гана мелдештерде ойной алат», - деди Н.Тотонов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×