Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 29.12.2015 08:16

Айыл турмушу: Ала-букалык Р.Ядгаров чарбасын бөдөнө, «гиссар» козуларын, «брама» жана «таз моюн» тоокторун багуу менен кеңейтүүдө (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылынын тургуну Роман Ядгаровдун чарбасы көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып келет. Ал өз үйүндө 1 жылдан бери бөдөнө багып, анын жумурткасын жана этин сатуу менен киреше табууда.

Р.Ядгаров Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, буга чейин анын жубайы ооруга чалдыгып, ага бөдөнөнүн жумурткасы дары экенин угуп, ал тууралуу маалыматтарды топтой баштаган.

«Бөдөнөнүн жумурткасы көп ооруга дары экенин билген соң бөдөнө багууга кириштим. Учурда чарбамда 200дөн ашык бөдөнө бар. Алардын 1 даана жумурткасын 7 сомдон, ал эми бир бөдөнөнүн этин 150 сомдон сатам», - деп билдирди Р.Ядгаров.

Бөдөнөнү багуу жеңил жумуш эмес. Өз убагы менен жем, суу берип, багылып жаткан бөлмөнү таза жана жылуу кармаш керек, деп кошумчалады ал.

Роман мырза андан сырткары атайын Тажикстандан «гиссар» тукумундагы козуларды көп санда алып келип, семиртип сатат.

Ошондой эле элде жок өзгөчө породадагы «брама» жана «таз моюн» тоокторун багат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×