Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 24.12.2015 08:37

Айыл турмушу: Токтогулдук Сагыныч аттуу окуучу шприцтин жардамы менен иштей турган экскаваторлорду жасады (видео, фото)

Turmush -  Токтогул районуна караштуу Толук айылында туулуп өсүп, Толук айылындагы М.Бекболотов атындагы орто мектепте окуп, акыркы үч айдан бери Кара-Көл шаарындагы Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектепте 9-класста окуп жаткан Сагыныч Жамшытбек уулу кичине кезинен эле түрдүү техникаларды жасап келет.

119

Кичине кезинде жаш балдарга окшоп оюнчук ойнобостон жыгачтан трактор, машина жасап, өзүнө оюнчук даярдап алчу. Өзү теңдүү балдарга да темир тетиктерден түрдүү оюнчуктарды жасап берип келген.

1121

Өз алдынча өзүнүн ой жүгүртүүсү менен техникалардын моделин, мисалга алсак: экскаватор, кайык, соко, циркулярка жана башкаларды жасап келет. Анын өз алдынча жасаган буюмдарынын дээрлиги техника билими боюнча өткөн сынактарда баш байгеге ээ болуп келет.

116

«Биздин өлкөдө ойлоп табуучулар жокко эсе, мен келечекте көп нерсени ойлоп тапкым келет. Башкача унааларды ойлоп тапсам дейм. Токтогулда жүргөндө темирлерден, зымдардан оюма келген көп буюмдарды жасап, аларды жаш балдарга берчүмүн. Кара-Көлгө келгенден бери бир да буюм жасай элекмин, тетиктер жок болуп жатат», - дейт мектеп окуучусу.

120

Сагыныч медициналык шприцтин жардамы менен 3 экскаватор оюнчугун жасаган. Ал мектептеги техникалык ийримдерге жасап барган буюмдарынын айрымдары гана сакталып калган.

118

Ата-энеси Сагынычты кичинекей кезинде уста болот дешчү, бирок Сагыныч келечекте түрдүү ачылыштарды жасоону кыялданат.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×