Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 23.12.2015 15:38

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн тургуну 45 жылдан бери балдарга фортепианодо ойногонду үйрөтүп келет (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 66 жаштагы тургуну Маренко Людмила 45 жылдан бери шаардык балдар музыкалык мектебинде эмгектенип келүүдө.

87

Л.Маренко Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 1949-жылы Өзбекстандын Кокон шаарында төрөлгөн. Атасы украин, апасы орус кызы болгон. 1970-жылы Наманган шаарындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайды бүтөрүп, фортепиано боюнча балдар музыкалык мектебинин мугалими жана театрдын концертмейстери кесибине ээ болгон. Ал 1972-жылы Кара-Көлдөгү балдар музыкалык мектебине фортепиано боюнча мугалим болуп кирет.

«Фортепианодо ойноо мен үчүн жакын досум менен сүйлөшкөндөй эле көрүнүш. Маселен баянды, комузду ойногондо аны жөн гана угуп коем. Ал эми фортепианодо өзүм ойногондуктан бүт музыканы ички жан дүйнөм менен сезип, аспапты колум менен кармап ойноодо эс алам. Азыр жаштар жалаң попса музыканы угат. Ал эми классикалык музыка өзгөчө.», - деди Л.Маренко.

86

«Менин ата-энелерге айта турган кеңешим, балдарыңарды 2,5 жаштан музыкалык мектепке бергиле. Анткени жаш бала ушул куракта мээси өрчүп, көп нерсени кабыл алып, үйрөнө баштайт экен. Музыкалык билими бар баланын жашоого болгон көз карашы абдан жакшы болот. Музыканын коштоосунда көп нерселерди үйрөнөт, эс тутуму өрчүйт, угуусу жакшы калыптанат», - дейт ал.

Балдар музыкалык мектебинин директору Таалайкан Шекербекованын айтымында, Л.Маренко музыкалык мектептеги эки фортепианочуларды бири.

85

«Ал билимдүү, азыркы кезге чейин китепти көп окуйт, ар дайым чыгармачылык изденүүнүн үстүндө, өзүн машыктырып турат. Пенсияда болсо да, фортепианодон берген мугалимдин жетишсиздигинен, ардактуу эс алууга кетем дегенине болбой, суранып иштетип жатабыз. Анын окуткан окуучулары облустук, республикалык фортепиано боюнча музыкалык сынактарда алдыңкы орундарды ээлеп келүүдө», - деди ал.

Л.Маренко 2013-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери»төш белгиси менен сыйланган. Анын 1 кызы жана 2 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×