Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.12.2015 16:55

Жалал-Абад шаарында 11 айда 10 ишкана ачылып, 284 жумушчу орун пайда болду

Turmush -  Жалал-Абад шаарында ушул жылдын 11 айында жалпы 10 ишкана ачылып, 284 жумушчу орду пайда болду. Бул тууралуу мэриянын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, өнөр жай чөйрөсүндө 11 айда бир кыйла жумуштар бүткөрүлүп, токтоп турган ишканалардын иши жанданып, продукция өндүрүү аракеттери болду.

«Жалал-Абад шаарында 10 ишкана ачылып, анын натыйжасында өндүрүү арбып, 11 айда 2 миллиард 953 миллион 800 миң сомдук продукция алынды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 241 миллион сомдук продукция көп өндүрүлдү», - дейт С.Умаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×