Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.12.2015 15:00

Жалал-Абад шаарына 11 айда 1 млрд 374,4 млн сомдук инвестиция тартылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарына ушул жылдын 11 айында 1 млрд 374,4 млн сомдук ички инвестиция тартылды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, ички инвестиция тартуу өткөн жылга салыштырмалуу 11 айда 7,7 миллион сомго көп болду же өсүү темпи 100,6%га жетти.

«11 айда жалпысынан 226 ишкана түзүлүп, анын 26сы юридикалык жактар, ал эми 184ү физикалык жактар болушту. Пайда болгон жумушчу орундардын саны 3678ге жетти», - деп билдирди шаар мериясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×