Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 21.12.2015 09:58

Айыл турмушу: Ала-букалык Нурдин даамдуу жана көп түрдүү нан жасоонун сыры менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунун Достук айылынын тургуну Нурдин Кучкаров наабайчылык менен алектенип, жергиликтүүлөрдү нандын түрү менен камсыздап келет.

Н.Кучкаров Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, анын жапкан нандары башкалардыкынан айырмаланып, даамдуу жана көп түрдүү.

Базарда да анын жапкан наны өтүмдүү. Себеби, ал нандын камырына шекер, өсүмдүк майын кошуп жасап, сыртына айран сүрткөндүгү үчүн абдан даамдуу болот.

«Адамдын мээнети ак болсо, кирешеси да жакшы болот. Биз күнүнө 5 кап унду камыр кылып, миң даанага чейин нан жасайбыз. Наныбыз үч түрдүү. 13 сомдук, 20 сомдук жана 30 сомдук. Нан сатуучуларга күнүнө жеткирип беребиз. Андан сырткары ашканалар, кафелер бизге күн сайын буюртма беришет. Ар кандай мааракелерге да буюртма алабыз. Чет өлкөгө кетпей эле өз жерибизде иштеп, жакшы киреше тапса болот», - дейт Н.Кучкаров.

Ошондой эле, ал төрт адамды да жумуш менен камсыздап, аларга 10 миң сомго чейин айлык акы төлөп берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×