Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.12.2015 15:58

Жалал-Абадда 1 жылдын ичинде 15 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирди

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 1 жылдын ичинде 15 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирип, натыйжада 2 миңден ашык жумушчу орундар пайда болду. Мындай маалыматты улуттук экономиканы чыңдоо жылынын иш-чараларынын аткарылышы боюнча өткөн жыйында өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Ала-Бука районунда «Бозумчак» кени толук кандуу ишке кирип, 680 жумушчу орун пайда болгон.

Таш-Көмүр шаарында жылына 8 миң тонна битум чыгаруучу «SV Rink LTD» ЖЧКсы сентябрь айында пайдаланууга берилди. Базар-Коргон районунда «Сымай-Гыда» ЖЧКсы жеңил бут кийим чыгаруучу заводду ишке берип, 410 жумушчунун иштөөсүнө шарт түзүлдү.

Ноокенде «Мермер», Сузакта «Замир-Нур», «Экостоун» таш кесүүчү, Аксыда күнүнө 30 тонна асфальт чыгаруучу завод ишке берилди. Өндүрүш тармагында өсүштөр бар экендигин Ажымамат Исаев белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×