Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 18.12.2015 15:34

Кара-Көл шаарында 8,5 миң адамдын медициналык камсыздандыруу күбөлүгү жок

Turmush -  Кара-Көл шаарынын тургундарынын 33,3%ынын медициналык камсыздандыруу күбөлүгү жок. Бул тууралуу кечээ, 17-декабрда «Аял жана экономика», «Аял жана саясат» аттуу конференцияда шаардык Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер борборунун директору Т.Эшалиева билдирди.

Анын айтымында, борбордо жалпысынан 22 миң 133 адам каттоодо турат. Анын 14 миң 713нүн камсыздандыруу күбөлүгү бар. Ал эми калган 8500 адамдын күбөлүгү жок.

«Эгер ушул жарандар 1 жылга 500 сом төлөп, биздин борбордон медициналык каттоодон өтүп койсо, дарылануу үчүн ооруканага жатууда 2640 сом төлөгөндүн ордуна 840 сом төлөмөк. Ал эми кош бойлуу аялдар арзандатылган дары- дармек менен камсыз болмок», - деди Т.Эшалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×