Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 17.12.2015 09:55

Айыл турмушу: Кара-көлдүк А.Турдиевдин торт чыгаруучу цехинде жаңы жыл күнү 300 түрдүү торт жасалат (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 62 жаштагы тургуну Анаркул Турдиев көп жылдан бери нандын жана торттун түрүн чыгаруучу чакан цех иштетип келет.

А.Турдиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 1978-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту бүтүрүп, инженер-куруучу кесибине ээ болгон.

Жубайы Калиман Бакирова менен 33 жыл чогуу жашап, 1 кыз, 1 уулдуу тарбиялашты. Учурда үй-бүлөсү менен чогу ишкерлик кылышат.

«Кара-Көлдө «Дөөлөт» аттуу эки дүкөндү иштетебиз. Жубайым Калиман соода-сатык тармагы боюнча билим алган. Ал дүкөндүн иштерин жөнгө салат. Кызым жана балам дагы бул ишкерчилик менен алектенишет. Уулум Бишкектен товар алып келет. Мындан сырткары, эки дүкөндү иштетүү үчүн 4 адамды жумушка алганбыз. Аларга ай сайын маяна төлөп беребиз», - деди А.Турдиев.

Ал белгилегендей, цехте ноябрь айынан тарта март айына чейин торт жана башка таттуулардын түрү жасалат. Ошондой эле, жыл бою нандын, булочканын түрүн жасашат. Күнүнө орто эсеп менен 950 даана булочка жана эки кап ундан ар түрдүү нан жасашат. Ал эми жаңы жыл күнү торттун 200-300 даана түрү чыгарылып, ар бири 320 сомдон сатыкка коюлат. Майрамдарда тургундар буюртма беришип, торттун көлөмүнө жараша 300 сомдон 650 сомго чейин сатып алышат.

«Цех ачканга чейин көптөгөн кызматтарды аркаладым. Бирок, жеке ишкерлик менен алектенүүнү чечтим. 1996-жылы алгачкылардан болуп тандыр нан жасап, жеке ишкерликти баштадым. Ошол кезде тандыр нан жапкандар жок болсо, азыр алардын саны арбын. Азыр жеке ишкерликти ар тараптан өнүктүрүп, мал багып, жер иштетип жакшы киреше тапса болот», - деп кошумчалады А.Турдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×