Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.12.2015 17:40

Жалал-Абадда Кыргызстанда жасала элек уникалдуу операция жасалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунда кечээ, 15-декабрда Кыргызстанда жасала элек уникалдуу операция жасалды.

Мындай маалыматты Түркия мамлекетинин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мехмед Рифад Косе өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева менен жолугушкан учурда айтты.

Түркия мамлекетинен келген өкүл операция эстетикалык косметикалык ыкма менен жасалганын, операция жасоодо денени аз кесүү ыкмасы колдонулганын билдирди.

Дарыгер адистер жүрөккө операция жасоодо Кыргызстанда жасала элек ыкма колдонулганын айтты. Уникалдуу операция Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну Сулайманжан кызы Умидага жасалды.

Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунан алынган маалыматка караганда, Умиданын абалы туруктуу. Бир аптадан кийин үйүнө чыгарылат.

167

16

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×