Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу 16.12.2015 16:01

Жүрөккө акысыз операция жасалган жарандардын абалынан түркиялык дарыгерлер кабар алышты (фото)

Turmush -  Кечээ, 15-декабрда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгамбердиева Түркиянын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мехмед Рифад Косе менен Жалал-Абад шаарында жайгашкан түштүк аймактык жүрөк кан тамыр хирургиясы илимий борборунда жолугушту.

Анда 2014-жылы Түркия Кыргызстан мамлекеттеринин ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында биргеликте иш алып баруу үчүн түзүлгөн макулдашуунун негизинде жүрүп жаткан иш мерчемдер талкууланды.

Түркия мамлекетинин саламаттыкты сактоо министринин орун басары көпчүлүк макулдашуулар кагаз жүзүндө эле жүргүзүлүп, ишке ашпай каларын, ал эми эки мамлекеттин ортосунда түзүлгөн макулдашуу өз жемишин берип жатканын айтты. Анын берген маалыматына караганда, эки өлкөнүн макулдашуусуна ылайык, «Ден-соолук аптасы» долбоорунун алкагында дарыгерлер тобу Кыргызстанга экинчи ирет келип, операция жасап жатышат.

«Биздин адистердин келүүсүнө макулдашуудан сырткары саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиевдин да салымы чоң болду. Биздин максат Кыргызстандагы кесиптештерибизге өз тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүү болуп саналат. Бизден келген адистер менен бул жердин адистери биргеликте операция жасап жатышат. Кыргызстандын түштүк жергесине өтө тажрыйбалуу болгон 24 адисибиз келди. Арасында кардиохирургдар, акушер-гинекологдор, урологдор, балдар хирургдары бар», - деди ал.

Ал эми өкмөттүн өкүлү эки өлкөнүн жарандарына жасалып жаткан операциялардын ийгиликтүү өтүүсүн каалап, жергиликтүү бийлик да калк саламаттыгын жакшыртууга болгон күч аракеттерин жумшай бере тургандыгы билдирди. Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн кардиохирургдары биргеликте жүрөккө акысыз операция жасалган жарандардын абалынан да кабар алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×