Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Түркиядан келген кардиохирургдардын бригадасы Жалал-Абадда акысыз операция жасоону улантууда

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия илимий борборуна Түркиянын Стамбул шаарынан дүйнөгө аты чыккан кардиохирургдардын толук бригадасы келди.

Түркиялык дарыгерлер жүрөккө 2 жолу акысыз операция жасап, Бишкек шаарынан, Ош, Баткен облустарынан келген бейтаптарга кеңештерин берип жатышат. Бул тууралуу Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Маматжан Миянов журналисттерге билдирди, деп маалымдайт Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалымат жыйынга Стамбул шаарынан келген кардиохирургдардын бригадасы толугу менен жана түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия илимий борборунун директору, профессор Калдарбек Абдраманов катышты.

М.Мияновдун айтымында, Стамбул шаарынан келген дарыгерлерлердин бир тобу Ош шаарында жашоочуларды медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатышат. Бизге келген дарыгерлер чоң адистер, арасында доктор, профессорлор бар, деп кошумчалады ал.

Башкы кардиохирург Корхан Эрканлынын айтымына караганда, алар Стамбул шаарындагы жүрөк кан-тамыр хирургия илимий изилдөөчү чоң борборунан келишти. Бул эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу долбоордун алкагында мамлекеттик ден соолук жумалыгынын биринчи этабы Бишкек шаарында өтүп, ал жакта 13 адамдын жүрөгүнө операция жасалды.

«Экинчи этап менен Ошто операция жасоону пландаштырганбыз. Бирок, Ош шаарында жүрөккө операция жасоого шарт жок болгондуктан, Жалал-Абад шаарында жайгашкан түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия илимий борборунда операция жасап жатабыз. Мындан ары күнүнө 2ден акысыз операция жасалат.

Операцияга муктаж болгон жарандарга гана операция жасалат. Биз жума күнгө чейин түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия илимий борборунда каалоочуларды кабыл алабыз», - деди башкы кардиохирург Корхан Эрканлы.

Алардын бригадасын 11 дарыгер түзөт. Операцияга керектүү материалдарды Стамбулдан ала келишкен. Операциялар акысыз жасалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1559
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×